КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
2016-жылдын 15-июлу № 4
Кеңеш айыл аймагынын 2015-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы Кеңеш айыл аймагынын ФЭБнун башчысы С.Капарованын кайрылуусун карап 2016-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 70629 ЖКХ (турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) разделдин 2221 Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен кеткен чыгымдар статьясынан 150,0 (бир жүз элүү миң) сом, 70629 ЖКХ (турак жай жана коммуналдык кызмат көрстүүлөр) разделдин 3111 Имараттар жана курулуштар статьясынан 150,0 (бир жүз элүү миң) сом кыскартылсын.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл амагынын ФЭБ башчысы С.Капаровага жана “Бюджет жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясы менен биргеликте аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика маселелери” боюнча туруктуу туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |