Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №6
Кеңеш айыл аймагынын 2016-жылдын III кварталында каралып бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы Кеңеш айыл аймагынын 2016-жылдын III кварталында каралып бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кеңеш айыл аймагынын эң көйгөйлүү маселелерге бөлүнгөн акча каражаты жетишбегендиктен 2016-жылдын III-кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасы боюнча көмүр сатып алуу үчүн каралган акчадан үнөмдөлгөндүктөн орто мектептен 70921 разделдин 2224 статьясына 355,0 миң сом, толук эмес орто мектептен 70921 разделдин 2224 статьясынан 115,0 миң сом, балдар бакчасынан 70911 разделден 65,0 миң сом, жалпы 535,0 миң сом кыскартылып, 70629 (ЖКХ) разделдин 2221 статьясына 150,0 миң сом, 3111 статьясына 300,0 миң сом жана 3112 статьясына 85,0 миң сом, жалпы 535,0 миң сом акча каражаттын көбөйтүүгө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Бул токтомду аткарууга алуу айыл аймагынын ФЭБ башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика маселелери” боюнча туруктуу туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |