Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №8
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Аркалык маала участкасынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Аркалык маала участкасынын жашоочуларынын жазган арызын карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат берүү боюнча комитеттин кортундусунун негизинде Совет айылынын Аркалык маала участкасынын аты жок ички көчөгө эмгектин ардагери Кушбаков Чолпондун ысымы берилсин.
2. Совет айылынын Аркалык маала участкасынын аты жок ички көчөнү Кушбаков Чолпон деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышы Кушбаков Чолпондун уул - кыздарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун 2-пункту аткарылбаган учурда коюлган ысым жокко чыгарылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |