Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №9
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Аук айылынын Кызыл участкасынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Аук айылынын Кызыл участкасынын жашоочуларынын жазган арызын карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аук айылынын Кызыл участкасынын тургундары Давлетов Курваналинин үйүнөн Токтосунов Манастын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө, айылдын ардактуу тургуну маркум Абдуллаев Козунун ысымы берилсин.
2. Аук айылынын Кызыл участкасынын тургундары Давлетов Курваналинин үйүнөн Токтосунов Манастын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө, айылдын ардактуу тургуну маркум Абдуллаев Козу деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышы Абдуллаев Козунун уул - кыздарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун 2-пункту аткарылбаган учурда коюлган ысым жокко чыгарылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |