КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
2016-жылдын 15-июлу №10
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Көкчөгөз участкасынын жашоочуларынын үй салуу үчүн жер участкасына муктаждык боюнча жазган арызы жөнүндө
Кеңеш айыл аймагы боюнча жашоочулардын үй салуу үчүн жер участкасына муктаждыктарын карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл аймагы боюнча жашоочулардын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү, трансформация болгон жер аянттарына менчик укугун берүүдө, жер аянтын үнөмдөө менен иш алып баруу максатында, жалпы Кеңеш айыл өкмөтү боюнча турак жайга жер бөлүп берүүдө калктын жыш жайгашкан жерлеринде 0,06 га дан, чет жакта айыл жерлеринде кайракы жерден 0,08 га дан берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин Жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |