Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №11
“Келечек-Нугу” балдар борборунун директору З.Абдукаримовдун кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн арткы жагындагы кароосуз жана бош жаткан бөлмөлөрүн “Келечек-Нугу” балдар борборунун ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн пайдаланууга берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн арткы жагындагы кароосуз жана бош жаткан бөлмөлөрүн “Келечек-Нугу” балдар борборунун ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө пайдаланууга берилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каипов менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүлүп, мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин Жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |