Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №12
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Аттокуров көчөсүнүн тургуну Каипова Буалма Саматовнанын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн чыгыш № 01-6/531 13.07.2016ж. сунушуна негиз Совет айылынын Аттокуров көчөсүнүн тургуну Каипова Буалма Саматовнага Кеңеш айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн алдындагы жер аянтын көрктөндүрүп, жаштар үчүн сейил бак, балдарга ойноочу жай курууга 5 жылдык мөөнөткө ижарага ажыратып берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Совет айылынын Аттокуров көчөсүнүн тургуну Каипова Буалма Саматовнага Кеңеш айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн алдындагы жер аянтын көрктөндүрүп, жаштар үчүн сейил бак, балдарга ойноочу жай курууга 5 жылдык мөөнөткө ижарага берүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каипов менен жер боюнча туруктуу комиссия менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүлүп, мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин орун басары Э.Арзыкуловко тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |