Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №13
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Могол-Коргон айылынын тургуну Юлдашев Бахрамжандын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнө, Кыргызгипроземдин тастыктамасына негиз, Могол-Коргон айылынын тургуну Юлдашев Бахрамжанга Шайдан-Сайдын жээгинен кум-шагал басып, пайдаланбай турган жерди 1га жерди өздөштүрүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнө, Кыргызгипроземдин тастыктамасына негиз, Могол-Коргон айылынын тургуну Юлдашев Бахрамжанга Шайдан-Сайдын жээгинен кум-шагал басып, пайдаланбай жаткан 1га жерди өздөштүрүүгө берүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер адистери менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүлүп, мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин орун басары Э.Арзыкуловко тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |