КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
2016-жылдын 15-июлу №14
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Кыргызстан көчөсүнүн тургандарынын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн чыгыш № 01-6/499 07.07.2016ж. катына негиз Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын Кыргызстан көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусунун, айыл тургуну Раманкулова Асылкандын өзүнүн менчик үйүн мектепке чейинки балдарды тарбиялоого балдар бакчасын ачуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кыргызстан көчөсүнүн жашоочусу А.Раманкулованын үйүн мектепке чейинки балдарды тарбиялоого балдар бакчасы ачылсын.
2. Мектепке чейинки балдарды тарбиялоого ачылып жаткан балдар бакчасынын аты жалпы элдик чогулуштун токтомунун негизинде “Мамалак” балдар бакчасы деп аталсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин орун басары Э.Арзыкуловко тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |