Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №15
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жана туруктуу комиссиянын сунушу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн чыгыш № 01-6/471 28.06.2016ж. катына негиз Кеңеш айыл өкмөтүндө атайын таштанды таштоочу жай (свалка) курууга Могол-Коргон айылындагы таштак, суу барбай пайдаланылбай калган № 9 контурдан, 3,0 га жер аянтын ажыратуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүндө атайын таштанды таштоочу жай (свалка) курууга Могол-Коргон айылындагы таштак, суу барбай пайдаланылбай калган № 9 контурдан, 3,0 га жер аянты айыл чарбачылыгы жана жер боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизине ылайык ажыратылып берилсин.
2. Таштанды таштоочу жайга ажыратылган 3,0га жер аянтын мыйзамдаштыруу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристине жана жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин орун басары Э.Арзыкуловко тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |