КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
2016-жылдын 15-июлу №18
Кеңеш айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясынын көрсөтмөсу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясынын көрсөтмөсүнө негиз Ош-Бишкек авто жолунун Кара-Уңкүр көпүрөсүнөн Суу-Башы айылына кире бериш жерине чейин Т.Алыкуловдун ысымын коюп берүү боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат берүү боюнча комитеттин кортундусунун негизинде Кеңеш айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясынын көрсөтмөсүнө негиз Ош-Бишкек авто жолунун Кара-Уңкүр көпүрөсүнөн Суу-Башы айылына кире бериш жерине чейин Т.Алыкуловдун ысымы берилсин.
2. Ош-Бишкек авто жолунун Кара-Уңкүр көпүрөсүнөн Суу-Башы айылына кире бериш жерине чейин Т.Алыкуловдун ысымы деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышы Т.Алыкуловдун уул - кыздарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун 2-пункту аткарылбаган учурда коюлган ысым жокко чыгарылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |