Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №19
Кеңеш айыл аймагынын Совет айылынын Көкчөгөз участкасынын жана Аук айылынын Кызыл участкасынын тургундарынын арызы жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы Совет айылынын Көкчөгөз участкасынын тургуну Мамытов Абдужалалдын үйүн жана Аук айылынын Кызыл участкасынын тургуну Мамалиев Турдумаматтын үйүн үлгүлүү үй деп наам берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын Совет айылынын Көкчөгөз участкасынын тургуну Мамытов Абдужалалдын үйүн жана Аук айылынын Кызыл участкасынын тургуну Мамалиев Турдумаматтын үйүн үлгүлүү үй деп наам берилсин.
2. Архитектуралык тазалыкты кармабаган учурда берилген наам жокко чыгарылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |