Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу №20
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014ж. № 715-токтомун жетекчиликке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014ж. № 715-токтомуна ылайык, Кеңеш айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарм укуктарды кабыл алуу менен Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын корутунду билдирүүсүнө негиз Кеңеш айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү ыйгарым укуктарды алуу менен КР өкмотүнүн 19.12.2014ж. № 715-токтомуна ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүүнүн финансылык каражаттарды КР финансы министрлигинин Республикалык бюджетинен борборлоштурулуп бөлүнүшүнө макулдук берилсин.
2. КР өкмөтүнүн 19.12.2014ж. № 715-токтомун турмушка ашыруу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковко жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |