Редакцияот 23.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы

 

2016-жылдын 23-августу №1

Ыссык-Көл областында өтө турган Бүткүл Дүйнөлүк “Көчмөндөр Ааламы” этномаданият фестивалы жөнүндө

Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы Кеңеш айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын кайрылуусуна негиз Ыссык-Көл областында өткөрүлүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк “Көчмөндөр Ааламы” этномаданият фестивалына айыл айылдардан көрсөтүлгөн делегаттарды жана тигилүүчү боз үйдүн жасалгалары менен алып барып келүүгө 70111 разделинин 2215 статьясынан акча каражатын бөлүп берүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын кайрылуусуна негиз Ыссык-Көл областында өткөрүлүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк “Көчмөндөр Ааламы” этномаданият фестивалына айыл айылдардан көрсөтүлгөн делегаттарды жана тигилүүчү боз үйдүн жасалгалары менен алып барып келүүгө 70111 разделинин 2215 статьясынан 117,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл аймагынын ФЭБ башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы::

К.Аттокуров.