Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу №2
Могол-Коргон айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жери жөнүндө
Могол-Коргон айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен Низамов Азатбектин 0,77 га шалы жери жер таштоо болгондуктан суу турбай, шалысы кургап кеткендиктен жана Б.Сатвалдиевдин 1,50 га эгилген пахтасы жамгыр жаап сел жууп кеткендиктен, аренда акыларын жокко чыгаруу максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Низамов Азатбектин кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен 0,77 га жерин жана Б.Сатвалдиевдин 1,50 га жерлеринин аренда төлөмдөрү жер боюнча туруктуу комиссиянын актысына жана айыл башчынын кайрылуусуна негиз жокко чыгарылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |