Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу №3
Жер боюнча туруктуу комиссиянын актысы жөнүндө
Кара-Жыгач айылынын Доңуз-Ойнор участкасында жана Сары-Жайык участкаларындагы чөп жайыт 345 га жана кайракы 153 га жер тилкелерин эч ким алып иштетбегендиктен аренда акысын жокко чыгаруу максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Доңуз-Ойнор участкасында жана Сары-Жайык участкаларындагы чөп жайыт 345 га жана кайракы 153 га жалпы 498 га жер тилкелерин эч ким алып иштетбегендиктен, мал жандыктар чөптү жеп салгандыктан, аренда төлөмү, жер боюнча туруктуу комиссиянын актысына негиз жокко чыгарылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |