Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын.23-августу №6
КАДК долбоору аркылуу спорт залдын 10 пайыздык жамааттык салымын төлөө жөнүндө
Кеңеш айыл Өкмөтүнүн 01-6/671 22.08.2016-ж. Сунушуна негиз Аук айылынын Кызыл участкасындагы “Ассосациация Кыргызстан айылдык ден соолук комитети” долбоору аркылуу курулуп жаткан спорт залдын 10 пайыздык жамааттык салымын төлөө максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ассосациация Кыргызстан айылдык ден соолук комитети” долбоору аркылуу курулуп жаткан спорт залдын 10 пайыздык жамааттык салымына 100 миң сом айыл Өкмөттүн жалпы каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл аймагынын ФЭБ башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |