Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын.23-августу №7
Финансы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү грант аркылуу курула турган долбоордун 10 пайыздык жамааттык салымын төлөө жөнүндө
Кеңеш айыл Өкмөтүнүн 01-6/670 22.08.2016-ж. сунушуна негиз Аук айылынын Кызыл участкасындагы Финансы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү грант аркылуу курула турган спорт комплексинин кичи футбол аянтчасына 10 пайыздык жамааттык салымы айыл Өкмөттүн жалпы каражатынан бөлүп берүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү грант долбоору аркылуу курула турган спорт комплексинин кичи футбол аянтчасына 10 пайыздык жамааттык салымы үчүн 300 миң сом айыл Өкмөттүн жалпы каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл аймагынын ФЭБ башчысы С.Капаровага милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |