Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын.23-августу №9
Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылынын жаңы конушунун жашоочуларынын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылынын жаңы конушунун жашоочуларынын жазган арызын карап жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат берүү боюнча Кызыл-Октябрь айылынын жаңы конушунун жашоочуларынын арызынын негизинде №25 Абдыкадырова Мастура атындагы балдар бакчасынан баштап Маданов Кубанычбектин үйүнө чейинки аралыкты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Арзыкулов Алымкулдун ысымы берилсин.
2. Аталган көчөнү Арзыкулов Алымкул деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышы Арзыкулов Алымкулдун тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун 2-пункту аткарылбаган учурда коюлган ысым жокко чыгарылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |