Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын.23-августу №8
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 01-6/635 12.08.2016ж. сандуу сунушуна негиз Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле “Кеңеш” жергиликтүү коомчулугунун Уставын жетекчиликке алуу менен Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бул чечимге карата тиркемеге ылайык, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик жана расмий тилдерде басылмасында, райондук администрациясынын Интернет тармагындагы расмий сайтында жарыялансын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |