Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын.23-августу №10
Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну Арзыбаев Мукаштын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн чыгыш №01-6/530 13.07.2016ж. Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын №272 24.07.2016-ж жана туруктуу жер комиссиясынын билдирүүсүнө негиз Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шыдыр айылынын тургуну Арзыбаев Мукашка Сары-Жайык участкасынан 70 га жер аянтын өздөштүрүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шыдыр айылынын тургуну Арзыбаев Мукашка Сары-Жайык участкасынан 70 га жер аянтын өздөштүрүүгө сурап жазган арызынын негизинде туруктуу жер комиссиясынын билдирүүсүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы №91, 2011-жылдын 28-декабрындагы №254 мыйзамдарынын 2-3 беренесин эске алуу менен жана гипроземдин 2-июнь 2016-жылдагы № 272 тастыктамасына ылайык канааттандырылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер адистери менен биргеликте текшерүүлөрдөн өткөрүлүп, мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Арзыкуловго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |