Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын.23-августу №13
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы С.Капарованын кайрылуусун карап 2016-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп, балдар бакчасына көмүр сатып алуу үчүн каралган акччадан үнөмдөлгөндүктөн 70921 (орто мектептен) разделдин 2224 статьясына 453,9 миң сом, 70921 (толук эмес орто мектеп) раздельдин 2224 статьясынан 32,9 миң сом жана 70911 (балдар бакчасы) разделден 20,0 миң сом 70111 разделдин 2215 статьясынан 169,9 миң сом жана 33,6 миң сом 70823 разделден 2215 статьясынан 50,0 миң сом жалпы 760,3 миң сом кыскартылсын.
2. Кыскартылган акча каражаттар Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдарындагы эң көйгөйлүү маселелерге бөлүнгөн акча каражаты жетишпегендиктен 70629 (ЖКХ) раздельдин 2221 статьясына 239,0 миң сом, 3111 статьясына 65,0 миң сом жана 3113 статьясына 135,5 миң сом, 70111 раздельдин 2721 статьясына 100,0 миң сом жана 70823 раздельден 2221 статьясына 137,4 миң сом жана 33,6 миң сом, 70921 (СШ) разделдин 2215 статьясына 30,0 миң сом, 70921 (НСШ) разделге 10,0 миң сом жана 70911 (балдар бакчасы) разделге 10,0 миң сом жалпы 760,03 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Капаровага жана “Бюджет жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясы менен биргеликте аткаруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий VEB сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:: | К.Аттокуров. |