Загрузка документа…
ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №88
2020-жылы элди жана турак жай фондуну каттоого акча каражатын кароо жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2020- жылы элди жана турак – жай фондун каттоого акча каражатын кароо маселеси жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2020- жылы элди жана турак –жай фондуну каттоого керектелүүчү ар кандай чыгымдар жана муктаждыктар үчүн 60 000 ( алтымыш ) мин сом акча каражаты каралсын .
2. 2020- жылы элди жана турак жай фондуну каттоону өз мөөнөтүндө уюшкандыкта өткөрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысынын милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ийри-Суу айылдык кенешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мусаевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Курманбеков. |