Загрузка документа…
ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №89
Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2019- жылдын 20- апрелине чейин жогорку жайыттарга көчүп кетсин .
2.Мал бакмачылар 20-сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
3.Токтомдун аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Абдуллаев Улукбекке милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн .
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Курманбеков. |