Загрузка документа…
ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №103
Кыргызмамдолбоор мамлекеттик долборлоо институту тарабынан даярдалган Ийри-Сууайыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоодо жазылган сызыкты бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын Жер Кодексинин13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө” “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долборлоо институту тарабынан даярдалган Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча иш кагаздарын карап чыгып Ийри-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кыргызмамжердолбоор” мамалекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо иш кагаздары чек араларды тактоодо көрсөтүлгөн сызык боюнча бекитилсин.
2.Суралсын Ийри-Суу өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевден керктүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3.Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынан Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитип берүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына тапшырысын.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Курманбеков. |