Загрузка документа…
УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы №27/66
Уч-Коргон айыл аймагына караштуу көп кабаттуу үйлөрдүн , МТФ ичиндеги жерлердин ээлерин аныктоо максатында боюнча айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Жылдыз айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн, МТФ жерлеринин ээлерин аныктоо максатында иш алып баруу жагы айыл окмөтүнүн жер маселеси боюнча башкы адиси Т.Райымбаевге жүктөлсүн.
2. Көп кабаттуу үйлөрдүн үй ээлери жок болуп чыккса, ээсиз батирлерлер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурс- тары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы А.Жакыпбековго милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Уметалиев. |