Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-марты №4
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 1-январь 2017-жылга калдык болуп бюджеттен 308110 сом, атайын төлөм каражаттарынан 25900 сом акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүндө 1-январь 2017-жылга бюджеттен 308110 сом, атайын төлөм каражаттарынан 25900 сом акча каражаттары жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн1-январь 2017-жылга калдык болуп ъткън бюджеттен 308110 сом, атайын төлөм каражаттарынан 25900 сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |