Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-марты №5
1-4 группадагы мүлктөр боюнча салыктын жеңилдик берүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл Кеңешинин 2017-жыл 27-чакырылышынын 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 330-статьясынын негизинде Кыргыз Республикасынын баатырлары, Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин баатырлары, баатыр энелер, Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучулары, Чернобыл АЭС, Баткен жана ооган согушунун катышуучулары 1-2 группа майыптары. Бирден обекттен 1-группадагы аянты 100 м.2 га чейин болгон жана 4-группа унаа мүлк салыгынан бошотулсун.
2. Салыктан жеңилдиктер ушул мүлк чындыгында мүлк ээсинин өзүнө тийиштүү экендигин такстыктоочу документтер негизинде берилет.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Хамрабаевге жана ага салык инспектору М.Абдуллаевге жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |