Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-марты №6
КыргызРеспубликасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамына ылайык, айыл кеңештин аймагында жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналган жер салыгын эсептөө зоналдык К3 коэффициенттерин тармактар боюнча 0,3 төн 1,2 – чейинки өлчөмдөрү бекитүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы 27-чакырылышынын 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамы жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү№255 Мыйзамына ылайык айылдык кеңештин аймагында жайгашкан мүлк жана чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык К3 коэффициенти белгилөө жүргүзүлсүн.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |