Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-марты №10
Ак-Коргон жайыт комитетине техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АРИС” тин ПРЖР – 2 долбоорунун негизинде жалпы 25% өздүк салым эсебинде Ала-Бука жайыт комитетине атайын техниканы (спестехника) сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 300,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жергиликтүүбюджеттен акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловго жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |