АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
2017-жылдын 09-марты №17
Ак-Коргон айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн, 1-бөлүмчөсүнө ылайык,Ак-Коргон айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 31-беренесин жетекчилике алып, Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде (Кыргыз тилинде) кабыл алынсын.
2. Жогоруда аты аталган токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын жана мамлекеттик реестирге каттоого жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткакрылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасы М.Инамовго жүктөлсүн
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |