Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы №1
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнаймагындагы Ак-Коргон-Баястан жолун асфальт төшөө чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 07-май 2017-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министлигине караштуу Ала-Бука райондук ДЭП-17 ишканасынын балансасында турган Ак-Коргон – Баястан багытындагы жолду Ак-Коргон айыл аймагынын балансасына алууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерин тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |