Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы №2
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сафед-Булон айылындагы “О.Жороев”, “А.Шаитов”, “Шох-Фазил” жана “Кыргын мечит” атындагы көчөгө райондук өнүктүрүү фонду асфальт төшөө чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айылындагы Сафед-Булон айылындагы “О.Жороев”, “А.Шаитов”, “Шох-Фазил” жана “Кыргын мечит” атындагы къчълъргъ асфальт төшөө максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сафед-Булон айылындагы “О.Жороев”, “А.Шаитов”, “Шох-Фазил” жана “Кыргын мечит” атындагы көчөгө райондук өнүктүрүү фонду асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 250 000 (эки жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнФЭБ нүн башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүүкеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |