Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 187
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 21-майындагы “Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 93902,65 чарчы метр жер тилкесинин функционалдык багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” Т-328 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 30-майындагы № 30 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан № 8а-14, 8а-11, 8а-7а, 8а-10а, номуру жок даректердеги 93902,65 чарчы метр жер аймагынын Ош шаарынын башкы планынын “Соода-коммерциялык” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнүн “Көп кабаттуу үйлөрдүн курулуштары аймагына” өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т. Сарыбашов) Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан № 8а-14, 8а-11, 8а-7а, 8а-10а, номуру жок даректердеги 93902,65 чарчы метр жер тилкесине курулуш долбоорунун эскизи өндүрүш жана өнөр-жай обьектилеринен санитардык-коргоо аймагын сактоо жана башка мыйзамдардын талаптарын аткаруу менен каралсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |