Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-октябыры №1
Ак-Коргон айыл аймагынын иш жүзүндөгүчек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусунун инвентаризациялоо жүзүндөгү№114 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Коргон айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо маселелерин угуп жана талкуулап Ак-Коргон айыл Кеңешинин кезексиз 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусунун инвентаризациялоо жүзүндөгү№114 токтомунун негизинде, Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Коргон айыл аймагынын жер фондсун инвентаризация иштеринин жыйынтыгы жактырылсын.
2. Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт жерлери башка айыл өкмөттөрү менен талаш тартыш болуп жаткандыгына байланыштуу кайрадан такталып чыгылсын.
3. Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөнүкомиссия Ак-Коргон айыл аймагынын жер балансасын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |