Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабыры №3
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнэлектр энергиясынан болгон карыздарды төлөө чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнэлектр энергиясынан болгон карыздарын жоюу максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 24-апрель 2018-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүнэлектр энергиясынан болгон 1580692 миң сомго жакын карыздарын кутулуу үчүнайыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган төмөндөгү кыймылсыз мүлктөрдү сатууга уруксат берилсин.
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчигинде турган Сафед-Булан айылынын “О.Жороев” көчөсүнүн түштүк тарабындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттары.
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчикте турган Баястан айылында жайгашкан ГСВ имаратын күн чыгыш тарабындагы 0,08 га жер аянты.
2. Тиешелүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүүкеңештин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |