Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабыры №4
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарын сметасын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүнфинансы бөлүмүнүнбашчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында жергиликтүүбюджеттин жана атайын төлөм каражатын аткарылышын , айыл кенешинин бюджеттик комиссиясы менен талкуулап чыгып канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2017-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетине тармактар жана статьялар боюнча Республикалык бюджеттен келген көмүр акчасы теңдештирүүчү грант каражаттары, божомолдон ашыкча жыйналган кирешелерди эсепке алып, өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. 2017-жылдын 9 айында атайын төлөм каражаттарын сметасына тармактар жана статьялар боюнча өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |