Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы №1
Айыл чарбасынын 2017-жылдагы жыйынтыктары жана 2018-жылга индикативдүү социалдык экономикалык өнүгүү планы жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.Артыкованын айыл амагындагы айыл чарбасынын 2017-жылдагы иш жыйынтыктары жана 2018-жылга индикативдүү социалдык өнүгүү планы жөнүндөгү докладын угуп жана талкуулап, АК-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын жетектөөчү адиси С.Артыкованын айыл аймагынын айыл чарбасынын 2017-жылдагы иш жыйынтыктары жана 2018-жылга индикативдүү социалдык планы жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл аймагында иштеп чыгылган айыл чарбасынын 2018-жылга карата индикативдүү социалдык өнүгүү планы бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.Артыковага жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |