Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы №2
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарын сметасын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм караатарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражатын аткарылышын, айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясы менен талкуулап чыгып, канатандырарлык деп белгиленсин.
2. 2017-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетине тармактар жана статьялар боюнча Республикалык бюджеттен келген көмүр акчасы, тендештирүүчү грант каражттар, божомолдон ашыкча жыйналган кирешелерди эсепке алынып, өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. 2017-жылдын 12 айында атайын төлөм каражаттарын сметасына тармактар жана статьялар боюнча өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
6. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешининбюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |