Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы №7
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сафед-Булан Ак-Коргон Падек жана Баястан айылдарында жашаган атуулдардын турак жай курууга болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында жер участогун берүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн электр энергиясынан болгон мурундан келген карыздарды төлөө максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-январь 2018-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн Сафед-Булон айылынын Өзбек Республикасы менен чектеш аймакта жайгашкан асылдуулугу төмөн таштуу кайракы айыл-чарба багытында пайдаланууга жараксыз болгон “Курук-Сай” участкасынан 40 (кырк) га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
2. Тиешелүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешининукук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |