Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы №9
Ак-Коргон айылында 2018-жылы Баястан айылындагы жолго 2780 метр жерге асфальт төшөө жөнүндө
Ак-Коргон айылында 2018-жылы Баястан айылындагы жолго 2780 метр жерге асфальт төшөө максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-январь 2018-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылы Баястан айылындагы жолго 2780 метр жерге асфальт төшөө максатында Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эсебинен 550000 сом акча каражаты өздүксалым катары ажыратылып берилсин.
2. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылы Баястан айылындагы жолго 2780 метр жерге асфальт төшөө проекти жактырылсын Ала-Бука районунун өнүгүү фондуна сунушталсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
6. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кенешинин финансы – экономикалык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |