Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 188
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 27-майындагы “Ош шаарынын Ж.Шамшиев,Тилеке-Баатыр, Бобулов көчөлөрү менен чектелген аймактардын функционалдык багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №153/08-6, 2019-жылдын 28-майындагы “Ош шаарынын шаарынын Исанов-Мамытов көчөлөрү жана Кайырма каналы менен чектелген аймагынын курулуш долбоорунун эскизин бекитүү жөнүндөгү” №164/08-6 каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 30-майындагы № 33, 2019-жылдын 30-майындагы № 35 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Тилеке-Баатыр, Ж.Шамшиев, Бобулов көчөлөрү менен чектелген аймактардын Ош шаарынын башкы планындагы “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймагынан” “Көп кабаттуу үйлөрдүн курулуштары аймагына” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүгө шааркуруу кеңешинин жана тиешелүү жактардын корутундуларын алуу менен макулдук берилсин
2. Ош шаарынын Исанов, Мамытов көчөлөрү жана Кайырма каналы менен чектелген аймактын Ош шаарынын башкы планындагы “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймагынан” “Жогорку окуу жайлардын курулуштары” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүгө тиешелүү кызматтардын корутундусун алуу менен макулдук берилсин
3. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарындагы Тилеке-Баатыр, Ж.Шамшиев, Бобулов көчөлөрү менен чектелген аймактардын курулуш долбоорунун эскизи жана Исанов, Мамытов көчөлөрү жана Кайырма каналы менен чектелген аймактын курулуш долбоорунун эскизи мыйзам талаптарын сактоо менен каралсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |