Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-январы №10
“Баймак” чек ара заставасынын башчысы Залкарбек Касымбек уулунун кайрылуусун кароо жөнүндө
“Баймак” чек ара заставасынын башчысы Залкарбек Касымбек уулунун кайрылуусун карап чыгып Ак-Коргон айыл Кеңешинин27-январь 2018-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Баймак” чек ара заставасынын чек арачыларына шарт түзүп берүү максатында 30000 (отуз миң) сом акча каражаты Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБнүнбашчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |