Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №4
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн электр энергиясынан болгон карыздарды төлөө чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн электр энергиясынан болгон карыздарын жоюу максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 24-апрель 2018-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн электр энергиясынан болгон 1580692 миң сомго жакын карыздарын кутулуу үчүнайыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган төмөндөгү кыймылсыз мүлктөрдү сатууга уруксат берилсин.
2. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Сафед-Булан айылынын “О.Жороев” көчөсүнүн түштүк тарабындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттары.
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган Баястан айылында жайгашкан ГСВ имаратын күн чыгыш тарабындагы 0,08 га жер аянты
Баястан айылынын “А.Юсубалиев” көчөсүндөгү Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 25 м.2 жер аянты.
Тиешүлүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешининукук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |