Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу №1
Ак-Коргон айыл аймагындагы шайлоо участкаларын шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 10-август 2018-жылдагы кезектеги 11-сессиясы айыл аймагындагы шайлоону уюштуруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагындагы №2276 “Гулистан”, №2277 “Калинин”, №2278 “Ак-Коргон”, №2279 “Навбахор”, №2280 “Маданият”, №2408 “Сафед-Булан” жана №2409 “ Баястан” шайлоо участкаларынын шайлоо комиссияларынын курамы бекитилсин.
2. Шайлоо участкаларын чек аралары бекитилсин.
3. Шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын курамына тиешелүү болгон документтерин аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Адашовго милдеттендирилсин.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |