Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу №2
Ак-Коргон айыл аймагындагы Сафед-Булон айылында жайгашкан №8 “Октябрь” орто мектебинин наамын өзгөртүү жөнүндө
№8 “Октябрь” жалпы орто билим берүүчү мектебинин №2 ата-энелер кенешмесинин №4 токтомунун жана №8 “Октябрь” жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык кеңешмесин 10-январь 2018-жыл №5 токтомунун негизинде Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 17-август 2018-жылдагы кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Сафед-Булон айылындагы №8 “Октябрь” жалпы орто билим берүүчү мектебинин наамын өзгөртүп, белгилүү жазуучу, кыргыз, Өзбек орус тили котормочусу маркум Турсунбай Адашбаевдин наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактоо жана тиешелүү болгон мамлекеттик органдардан каттоодон өтүү жагы “Октябрь” орто мектебинин администрациясына милдеттендирилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешининукук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ө.Төрөбековго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |