Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу №4
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булон айылында скважина казуу чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн Сафед-Булон айылынан скважина казуу үчүнжер аянты болуп берүүмаксатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин27-чакырылышынын 17-август 2018-жылдагы кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн Сафед-Булон айылындагы скважина казуу максатында төмөндөгү уч картадан “Карьер” участкасынан 0,04 га, Түлкү-Ордо участкасынан 0,04 га, “Жогорку хаят” участкасынан 0,04 га жер аянты скважина казуу үчүн ажратылып берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси Т.Отахановго жүктөлсүн
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешининжер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |