Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу №6
Ак-Коргон айыл аймагына караштуу “Протравка” участкасынан кыш завод куруу жана “Тулпарбулак” участкасынан карьер катары топурак алуу үчүнжер бөлүп берүү жана ишкерликти өнүктүрүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагындагы калкты арзан курулуш үчүн зарыл болгон кыш менен камсыз кылуу максатында Ак-Коргон айыл кенешинин 27-январь 2018-жылдагы 27-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн калктын курулушка керектелүүчү материалдарга болгон муктаждыгын чечүү максатында курулуш үчүнкыш жеткерип берүүмаксатында кыш заводун курууга “Протравка” участкасынан 2,80 га жана “Тулпарбулак” участкасынан карьер катары топурак алуу үчүн11,50 га айыл-чарба багытында пайдаланууга жараксыз жер аянтын ънър жай категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
2. Тиешелүүдокументтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешининукук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |