Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабыры №1
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша чыгаша бөлүгүнүн түзүлүшү жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылыштага кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүүбюджетинин каражаттарын киреше булактары 21925,4 сомго, чыгаша бөлүгү 21925,4 миң сомго бекитилсин.
2. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2019-жылга атайын төлөм каражаттарын сметасынын киреше булактары 2170,0 сомго, чыгаша бөлүгүнүнаткарылышы 2170,0 миң сомго бекитилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешининбюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |