Загрузка документа…
АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабыры №2
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Корго айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 12 айында жергиликтүүбюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 12 айында жергиликтүүбюджетин жана атайын төлөм каражатын аткарылышын айыл Кеңешининбюджеттик комиссиясы менен талкуулап чыгып, канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2018-жылдын 12 айында жергиликтүүбюджетине тармактар жана статьялар боюнча республикалык бюджеттен келген көмүр акчасы, тендештирүүчү грант каражаттары, божомолдон ашыкча жыйналган кирешелерди эсепке алып, өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешининбюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Инамов. |